Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

"Прецедент" коомдук уюму БШКнын үстүнөн прокуратурага кайрылды


Бишкектеги "Прецедент" коомдук уюму Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылды. Арызда президенттик жарышка катышуу ниетин билдирген Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштырбай койгон БШКнын мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоо өтүнүчү келтирилген.

Уюмдун жетекчиси Нурбек Токтакунов билдиргендей, БШК мүчөлөрүнө Кылмыш кодексиндеги шайлоо укуктары жана шайлоо комиссиясынын ишмердигине байланыштуу 139-беренеге ылайык кылмыш ишин козгоо сунушталууда.

Арыз боюнча Башкы прокуратурадан комментарий алууга азырынча мүмкүн боло элек.

БШК 10-августта "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин юристинин ага кыргыз тилинен тест тапшыруусуна шарт түзүп берүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

Өтүнүчтү Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн үчөө - Атыр Абдрахматова, Гүлнара Журабаева жана Назарали Арипов колдоп, тогузу ага каршы чыгышкан.

Текебаев президенттик шайлоого катышууга өзүн-өзү көрсөткөн. Ал "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен соттолууда. Тарапкерлери бул ишти саясий куугунтук деп атап жатышат. Ишти козгогон Башкы прокуратура саясат менен байланыштырууга негиз жок деп билдирип келет. (SE)

XS
SM
MD
LG