Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Өзбекстанда тыңчылык үчүн кесилген офицер абактан чыкты


Эркин Мусаев (архивден алынган сүрөт)
Эркин Мусаев (архивден алынган сүрөт)

11-августта Өзбекстандын Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкери, тыңчылыкка шектелип 15 жылга кесилген Эркин Мусаев Бекабаддагы абактан бошонду. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына баш кеңсеси Парижде жайгашкан «Борбор Азиядагы адам укуктары» борборунун жетекчиси Надежда Атаева билдирди.

Коргоо министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, подполковник Мусаевге мамлекетке чыккынчылык жасап, тыңчылык кылган деген айып тагылган. 2006-жылы Өзбекстандын Аскер соту аны мамлекеттик сырды ачкан жана кызматтык милдеттерине шалаакы мамиле жасаган деген негизде 15 жылга эркинен ажыраткан.

Мусаев Улуттар Уюмунун алдындагы агенттикте иштеп жүргөндө камакка алынган. Ага Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын каражатын максатсыз пайдаланган деген дагы айып тагылган.

Мусаев өзү болсо айыпты толук четке каккан.

Улуттар Уюмунун билдирүүсүндө Мусаевдин соту адилетсиз болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG