Бишкекте ретрокино жумалыгы уланып жатат. Шаардагы “Кыргыз киносу” кинотеатрында 10-августта башталган маданий иш-чара алкагында «Биринчи мугалим», «Махабат дастаны», “Ак кеме”, “Жамила” жана башка тасмалар кыргыз жана орус тилинде көрсөтүлдү.
Бүгүн кино сүйүүчүлөрүнүн назарына “Эрте жаздагы турналар” фильми сунуш кылынат. Ретрокино жумалыгы шаршемби күнү жыйынтыкталат.
Өткөн кылымдын 60-жылдарында тартылган тасмалар кино тармагында «Кыргыз керемети» аталып, дүйнөлүк кинотеатрларда көрсөтүлгөн. Соңку жылдары өлкөдө киноиндустрия кайра жаралып, айрым мыкты тартылган тасмалар эл аралык фестивалдардан алдыңкы орундарды ээлеп жатат. (RK)