Алматы – Ысык-Көл багыты боюнча жүрүп жаткан “Кыймыл энергиясы” долбоорунун катышуучулары бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, максаттары тууралуу айтып беришет.
Көрүү жана угуу жагынан майыптыгы бар 12 адам велосипед менен 11-августта Алматыдан чыгышкан. Эми алар көлдү көздөй сапарга чыкканы турушат.
Жалпысынан, спортчулар алты күн ичинде 450 чакырым жолду өтүшөт.
Уюштуруучулардын айтымында, веломарафондун максаты – социалдык экотуризм инфраструктурасын жакшыртуу, майып адамдардын коомго аралашуусуна, мүмкүнчүлүктөрүн ачууга көмөктөшүү.
Жолго чыккандарды атайын көмөкчү топ коштоп жүрөт. (RK)