Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:15

Жаныкулов: Жерүй алтын кени сатылган жок


Бул тууралуу “Восток геолдобыча” ишканасынын алдында түзүлгөн “Алтын альянс ” компаниясынын өкүлү Данияр Жаныкулов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Буга чейин орусиялык "Коммерсантъ" басылмасы олигарх-ишкер Муса Бажаев иштете турган болгон Кыргызстандагы Жерүй алтын кенине Кытайдын мамлекеттик China National Gold Group компаниясы кызыкдар болуп жатканын жазып чыккан. Анда кенди иштетүүчү орусиялык "Орус платинасы" компаниясы муну ырастаганы жазылат. Жаныкулов алтын чайкоочу фабриканын курулушу боюнча төрт-беш компания менен сүйлөшүү жүрүп жатканын белгиледи:

- Жерүй сатылган жок. Алтын чайкоочу фабриканын жана калдыктар сактоочу жайдын курулушун жүргүзгөнгө төрт-беш компания менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Анын ичинде China Gold дагы бар. Жакында алардын 20дай өкүлү келип, жерди көрүп кеткен. Эми алар өз сунуштарын беришет. Кайсыл жерге курат, кандай болот, канча убакытта бүтүрөт. Кимиси сапаттуу жана тез бүтсө, ошого беребиз тендерде. Азыр ошол боюнча сөз болуп жатат. Сатуу тууралуу сөз жок.

Жерүй алтын кени Таластын Бекмолдо айылында жайгашкан. Буга чейин аталган кенди иштетүүгө бир катар чет мамлекеттик компаниялар лицензия алып, бирок жергиликтүү калктын каршылыгынан улам алтын казылбай келген.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Кенди иштетүү укугун орусиялык “Восток геолдобыча” компаниясы алган эле. Анын алдында "Алтын альянс" ишканасы түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG