Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

АКШ: Түндүк Кореядан чукул коркунуч жок


Президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер.
Президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча эки расмий өкүлү Түндүк Корея менен чукул аскердик карама-каршылык чыгат деген ыктымалдык жогору эместигин, ошол эле учурда аны толугу менен четке кагууга болбостугун билдиришти.

"Биз согушка бир жума мурдагыдан жакыныраак эмеспиз. Бирок биз согушка он жыл мурдагыдан жакыныраакпыз",-деди президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, генерал-лейтенант Герберт Макмастер.

Ал 13-августта ABC телеканалына курган маегинде АКШ Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чагымчыл кадамдарын токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттерди улантууга белсенип турганын жана жаңы санкциялардын таасирине үмүт артып жатканын айтты.

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын директору Майк Помпео да учурда расмий Пхеньяндан түздөн-түз коркунуч жок экенин, бирок АКШнын сабыры түгөнүп баратканын "Фокс-Ньюс" каналына жекшембиде билдирди.

Пхеньян континенттер аралык баллисттикалык ракеталарын сыноону улантканы үчүн президент Трамп Түндүк Корея ачуусуна тийсе, Вашингтон “көргүлүктү көрсөтөрүн” эскерткен. Андан көп өтпөй Түндүк Корея Америкага караштуу Гуам аралына ракеталык сокку урууну пландап жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG