Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Назарбаев ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолукту


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 14-августта Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды. Жолугушуу Астана шаарында өттү. Казак президенти Евразия экономикалык биримдиги үч жылдан бери иштеп жатканын баса белгилеп, дүйнөлүк экономикадагы кырдаал ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасына да таасирин тийгизгенин айтты.

- ЕАЭБ өнүгүүсүндөгү негизги фактор бирдиктүү экономикалык структура менен жалпы рынокту түзүү. Товар алмашуу көлөмүнүн жогорулашы интеграциялык биримдикке кирген өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө таасирин тийгизет. Азыр биздин алдыбызда мамлекеттер аралык кызматташууну бекемдөө милдети турат. Бул иште негизги роль ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө жүктөлөт.

Жолугушууга Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусиянын премьер-министрлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Казакстандын борбору Астана шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий делегация катышууда.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине быйыл эки жыл болду. Анда Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Кыргызстан аймагында товарды бажы көзөмөлүсүз сатууга шарт түзүү каралган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG