Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:24

АКШ Түштүк Кореяны коңшусу Түндүк Кореянын коркунучунан коргоо үчүн бардык аскердик мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга даяр. Бул тууралуу Американын башкы кол башчысы - штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин жетекчиси Жозеф Данфорд 14-августта Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Сеулдагы жолугушуусунда айтты. Америкалык генерал расмий Пхеньяндын баллистикалык ракеталар жана өзөктүк дүрмөт программалары бүтүндөй дүйнөгө коркунуч жаратаарын кошумчалады.

Түштүк Кореянын президенттик администрациясы АКШ дипломатиялык жана экономикалык чаралар Түндүк Кореяга таасир бербей калганда гана аскердик чара көрөөрүн кабарлады. Президент Мун Чжэ Ин да дүйшөмбүдө маселени тынч жол менен чечүү керектигин айтты.

"Корей жарым аралында мындан ары согуш болбошу керек. Кандай гана кырдаалга туш болбойлу, Түндүк Кореянын ядролук маселеси тынч жол менен чечилиши керек. АКШ бул кырдаалга токтоо жана жоопкерчиликтүү мамиле кылаарына ишенем",-деди президент Мун Чжэ Ин.

Пхеньян континенттер аралык баллистикалык ракеталарын сыноону улантканы үчүн президент Трамп Түндүк Корея ачуусуна тийсе, Вашингтон “көргүлүктү көрсөтөрүн” эскерткен. Андан көп өтпөй Түндүк Корея Америкага караштуу Гуам аралына ракеталык сокку урууну пландап жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG