Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков УКМКдагы сурактан чыга элек


Жарандык активист Мавлян Аскарбеков
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков бүгүн түшкү саат 14:00дө Улуттук коопсуздук комитетине сурак берүү үчүн чакырылган. Ал учурда УКМКдан чыга электигин Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлү, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Аскарбеков УКМКда өзүнө козголгон кылмыш ишиндеги материалдар менен таанышып чыга турганын “Азаттык” радиосуна билдирген болчу. Анын айтымында, УКМК ага карата мамлекеттик "бийликти күч менен басып алуу, конституциялык түзүлүштү бузуу" деген берене боюнча иш козгогон.

Аскарбековдун айтымында, ал буга чейин Учкун-2 жана авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ конуштарынын социалдык маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүп, бийлик алардын көйгөйүн чечиши керек деген пикирлерин айткан.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов жарандык активистке кылмыш иши козголгонун ырастаган.

Эреже боюнча сурак берүүнүн мөөнөтү төрт сааттан ашпашы керек. Эгер ортосунда тыныгуу берилсе, сегиз саатка чейин уланышы мүмкүн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG