Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Түркмөн президенти атасына арнап китеп чыгарды


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы китебин чыгарып, аны кайрадан атасы Мяликгулы Бердымухамедовго арнады. "Кайраттуу жоокерлер эрдик үчүн төрөлөт" деп аталган китептин бет ачаары жакында Ички иштер министрлигинин президенттин атасынын ысымын алып жүргөн 1001-аскердик бөлүгүндө болуп өттү.

"ТДХ" мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, Түркмөнстандын Ички иштер министрлигинин тарыхын жана анын ролун баяндаган бул китепте Мяликгулы Бердымухамедовдун жеке салымы тууралуу кенен сөз болот.

Бердимухамедов буга чейин да атасына жана чоң атасына арнап китеп чыгарган. 2007-жылдан бери өлкөнү башкарган Бердимухамедов 40тан ашуун китептин автору. Ал китептер тарых, экономикадан тарта дары чөптөр жана улуттук кадаа-салттар сыяктуу түрдүү темаларга арналган.

XS
SM
MD
LG