Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Текебаев-Чотонов сотунда адвокаттардын жарыш сөзү башталды


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда адвокаттардын жарыш сөзү башталды. Учурда айыпталуучулардын адвокаттарынын бири Искен Афиджанов жарыш сөзгө чыкты.

Текебаевдин жарыш сөзү төрт күндөн бери уланып, бүгүнкү сотто аягына чыкты. Адвокаттардын жарыш сөзүнөн кийин өкүм чыгууга тийиш.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (NT/UEz)

XS
SM
MD
LG