Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:30

Бишкекте таза шайлоо маселеси талкууланууда


Кыргызстанда “Таза шайлоо” деп аталган кыймыл түзүү боюнча жыйын Бишкекте өтүүдө. Кыймылды түзүүнү жарандык активисттерден турган демилгелүү топ сунуштаган.

Алар азыр уюштуруу иштерин талкууга алып жатышат. Жыйынга жарандык активисттер, укук коргоочулар, саясатчылар, президенттикке талапкерлигин койгондор, саясий жана коомдук ишмерлер катышып, канткенде таза шайлоо өткөрүүгө болот деген суроону талкуулап жатышат.

Анда бир катар катышуучулар шайлоонун жүрүшүн көзөмөлгө алуу, мыйзам бузууларды байкоо жана алдын алуу максатында биригүүгө чакырышты. Мурдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо талапкерлердин өздөрүн тизмеден таппай калган учурлары, добуш сатып алуу аракеттери көп болгону, алдыдагы шайлоодо да мындай алешемдиктердин болушу күтүлүп жатканы, ага жол бербөө керектиги айтылды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Президент болуу ниетин билдирип, БШКга 59 адам арыз берген. 14-августка карата алардын саны тогузга кыскарып, 50 талапкер калды. Булардын ичинен “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевге гана расмий талапкер деген макам берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG