Дүйнөдөгү дин эркиндигинин акыбалы боюнча баяндаманы бүгүн АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялап, ал тууралуу мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Вашингтондо атайын сөз сүйлөөрү күтүлүп жатат.
Кошмо Штаттардын тышкы саясий мекемесинин аныктамасы боюнча дин эркиндиги маселеси “Американын өзөккү баалуулугуна жана адамдын өзөккү укугуна жатат”.
АКШнын Мамлекеттик департаменти өткөн жылдагы баяндамасында, маселен, айрым мусулман өлкөлөрүндө Кудайга акаарат келтирди, дининен баш тартты делгендерге каршы мыйзамдар “адамдын универсалдык укуктарына шек келтирип” жатканына көңүл бурган болчу.
Былтыркы баяндамада, ошондой эле, Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети”, Батыш Африкадагы “Боко Харам” террордук топтору “дүйнөдөгү дин эркиндигинин эң чектен чыккан бузуучулары” катары аталган. (UE)