Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

"Таза коом" долбоорун ишке ашыруу кеңеши жыйынга чогулду


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкекте "Таза коом" программасын ишке ашыруу боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат. Аны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ачып, бул долбоордун өлкө үчүн мааниси чоң экенин билдирди.

Жээнбековдун айтымында, "Таза коомдун" алкагында декабрга чейин санариптик трансформациялоо боюнча программа толугу менен иштелип чыгат.

Жыйын жүрүшүндө "Таза коом" программасынын концепциясы, долбоорлор жана ага керектүү укуктук документтерди кабыл алуу боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымат берди. Ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоору тууралуу Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун маалыматы угулду.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG