Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Адвокаттар Текебаев менен Чотоновду толук актоону сурашты


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда адвокаттардын жарыш сөзү уланды.

Жараянда айыпталуучулардын адвокаттарынын бири Искен Афиджанов жарыш сөзгө чыгып, Текебаевдин күнөөсү далилденбегенине байланыштуу аны толугу менен актап, сот залынан бошотууну сурады. Дагы бир адвокат Чынара Жакупбекова айыптоо корутундусунда жооптон суроо көптүгүн, эч кандай далил жоктугун жана баары ойдон чыгарылганын билдирди.

Төрт күнгө созулган Текебаевдин жарыш сөзү бүгүнкү сотто аягына чыкты. Эми адвокат Канат Хасанов жарыш сөзгө чыгат, андан кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилет. Бул жараяндар аяктагандан кийин өкүм чыгууга тийиш.

Түштөн кийин уланган жараянда сот залына "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Аида Салянова, Болот Шер, Асия Сасыкбаева киргизилген жок. Экс-президент Роза Отунбаева катышты.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (NT/UEz)

XS
SM
MD
LG