Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

"Талибан" АКШ президентине “ачык кат” жолдоду


Жанкечтинин жардыруусунан кийинки коопсуздук чаралары. Кабул, 31-июль, 2017-жыл.
Жанкечтинин жардыруусунан кийинки коопсуздук чаралары. Кабул, 31-июль, 2017-жыл.

Президент Дональд Трампка багытталган “ачык катта” "Талибан" кыймылы Кошмо Штаттарды аскерлеринин санын көбөйткөндүн ордуна Ооганстандан чыгып кетүүгө чакырды.

“Буга чейинки тажрыйба Ооганстанга аскер жөнөтүүнү көбөйтө берүү Американын аскерий жана экономикалык кубаты мындан ары да бузулушунан башка жыйынтык бербей турганын көргөзгөн”,- деп айтылат англис тилинде жазылып, 15-августа журналисттерге таратылган катта.

АКШ коргоо министри Жим Мэттистин 14-августагы сөздөрүнө караганда, президент Трамптын администрациясы Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялоо алдына турат.

2010-2011-жылдары АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 миңге чейин жеткен болчу.

Ал эми 2014-жылы НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү чыгарылган соң 8400дөй америкалык аскер калган.

Буга кошумча азыр Ооганстанда НАТОнун башка өлкөлөрүнөн да 5000дей жоокер турат.

Америкалык медиа буга чейин кабарлагандай, Пентагон Ооганстандагы АКШ аскерлеринин санын азыркыдан 4000ге көбөйтүүнү сунуш кылууда. Бирок бул сунуш президент Трамп тарабынан азырынча жактырыла элек. (UE)

XS
SM
MD
LG