Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

"Кыргызстанды сактап калуу" деп аталган кыймыл түзүлөт


Мындай чечим бүгүн Бишкекте өткөн “Таза шайлоо” кыймылын түзүү сунушу талкууланган жыйында кабыл алынды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Назгүл Эшеналиева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, катышуучулар "Таза шайлоо" деген аталышты "Кыргызстанды сактап калуу комитети" деп өзгөртүү тууралуу чечимге келишкен. 26-августта кайрадан отурумга чогулуп, комитеттин төрагасын, саясий кеңешин жана катчысын дайындай турган болушту.

- Добушканаларды көзөмөлдөө. Мыйзам бузууларды каттоого алып элге жарыялоо. Максаты бир эле. Аталышы гана өзгөрүп, шайлоого көзөмөл салат. Анан шайлоодо бир талапкер чыгарганга аракет кылабыз деген сөз болду, - деди Назгүл Эшеналиева.

Таза шайлоо өткөрүү үчүн атайын кыймыл түзүп, ага биригүүнү жарандык активисттерден турган демилгелүү топ сунуштаган.

Бүгүнкү жыйынга жарандык активисттер, укук коргоочулар, саясатчылар, президенттикке талапкерлигин койгондор, саясий жана коомдук ишмерлер катышты.

Анда бир катар катышуучулар шайлоонун жүрүшүн көзөмөлгө алуу, мыйзам бузууларды байкоо жана алдын алуу максатында биригүүгө чакырышты. Мурдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо талапкерлердин өздөрүн тизмеден таппай калган учурлары, добуш сатып алуу аракеттери көп болгону, алдыдагы шайлоодо да мындай алешемдиктердин болушу күтүлүп жатканы, ага жол бербөө керектиги айтылды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Президент болуу ниетин билдирип, БШКга 59 адам арыз берген. 14-августка карата алардын саны тогузга кыскарып, 50 талапкер калды. (NT)

XS
SM
MD
LG