Өмүрбек Текебаевге сотко "Тез жардам" чакыртылды. Адвокаты Чынара Жакупбекованын айтымында, Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп кетти. Ушу тапта аны доктурлар карап жатат.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун соту уланууда.
Бүгүн Текебаев жарыш сөзүн аяктап, сөз анын адвокаттарына берилди.
Адвокаттардын өтүнүчүнө карабастан судья Айбек Эрнис уулу бүгүнкү отурум саат түнкү 10го чейин уланарын айткан.
Беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан 1 млн доллар пара алган деп айыпталууда. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.
Ишти козгогон Башкы прокуратура аны саясат менен байланыштыруу туура эмес деп айткан.
Мамлекеттик айыптоочу соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган.
Өткөн аптада да Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен ага "Тез жардам" чакыртылып, ошол эле доктурлар судья Айбек Эрнис уулуна да медициналык жардам көрсөтүшкөн, бирок эмнеси ооруганы так айтылган эмес. (UEZ/RK)