Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Индия көз карандысыздыгынын 70 жылдыгын белгилөөдө


Премьер-министр Нарендра Моди Нью-Делидеги салтанатта сүйлөөдө. 15-август, 2017-жыл.
Премьер-министр Нарендра Моди Нью-Делидеги салтанатта сүйлөөдө. 15-август, 2017-жыл.

Премьер-министр Нарендра Моди мааракелик салтанаттагы сөзүндө индиялыктарды бакыбат жана биримдиктеги өлкөнү курууда ага жардам берүүгө үндөдү.

Ага катар ачык-айкындыкты орнотуп, коррупциянын тамырын кыркууну, башкарууну жакшыртууну убада кылды.

Индия өкмөт башчысы ошондой эле өлкөсү кандай коркунуч болбосун өз чек араларын коргоого кубаттуу экенин да кошумчалады.

Индиянын коңшу Кытай жана Пакистан менен да чек ара талаштары бар. Маселен, Нью Дели расмий Исламабадды Кашмирдин аларга караштуу бөлүгүнө “террорчуларды” жөнөтүп жатканы үчүн айыптап келет.

Мындан бир күн мурда көз карандысыздыгынын 70 жылдыгын Пакистан да белгилеген.

Улуттар уюмунун болжолунда 2030-жылга барып, калкынын саны жагынан Индия Кытайдан ашып өтөрү күтүлөт. (UE)

XS
SM
MD
LG