Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

АКШ дүйнөдөгү дин эркиндиги боюнча жаңы баяндамасын жарыялады


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

Анда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу азыр дагы диний жана этникалык топторду бутага алуу менен диний эркиндикке зыян келтирүүнү улантып жатканы айтылат.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Вашингтондо дүйнөдөгү диний эркиндиктин 2016-жылдагы абалы боюнча баяндаманы жарыялап жатып сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

- Диний куугунтук жана сабырсыздык абдан кеңири тараган бойдон калууда. Дүйнө калкынын дээрлик 80% алардын диний эркиндигин кыскан чектөөлөр жана согуштук аракеттер менен жашап жатат. Биз билгендей, эгер диний эркиндик корголбосо, туруксуздуктун, адам укутарынын бузулушунун, кыянатчыл эктремизмдин тамыр жаюу мүмкүнчүлүгү чоң болот. “Ислам мамлекет" тобу алар көзөмөлдөп жаткан же көзөмөлдөгөн аймактарда езиддерге, христиандарга, шийит мусулмандарга каршы жасалган геноцид үчүн жоопкер экени анык. “Ислам мамлекети” тобу ошондой эле адамзатка каршы кылмыштар, ушул эле топторго, кээде сунни мусулмандарга, күрттөргө, башка азчылыктарга каршы багытталган этникалык тазалоолор үчүн да жоопкер.

АКШ тышкы саясий мекемесинин баяндамасында мамлекеттик эмес топтор дин тутуу эркиндигин Жакынкы Чыгышта эле эмес, Азияда, Африканын Сахарасында, ошондой эле Украина чыгышынын орусиячыл жикчилдер көзмөлдөгөн аймактарында да бузуп жатканы көрсөтүлөт.

Ал эми 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган Крымда “Жахабанын күбөлөрү” жана мормон чиркөөсүнүн жолун жолдогондор өзүлөрүнүн диний ишеними үчүн кол салууларга бир нече ирет кириптер болгону белгиленген.

Быйыл апрелде Орусиянын Жогорку Соту “Жахабанын күбөлөрүн” экстремисттик уюм деп таап, анын өлкө аймагында иш жүргүзүүсүнө тыюу салган эле.

Иранда болсо өкмөт, баяндамада айтылгандай, “бахаилерди, христиандарды, сунни мусулмандарды, башка диний азчылыктарды кодулоону, камооону, суракка алууну улантууда”.

АКШ Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалы боюнча баяндамасын жыл сайын жарыялайт. (UE)

XS
SM
MD
LG