Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Аида Салянованын соту уланат


Аида Салянова
Аида Салянова

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту уланат. Дүйшөмбү күнү сот отуруму адвокаттын келбей калганына байланыштуу өткөн эмес. Себеби адвокат Чынара Жакупбекова “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда болууда.

Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Салянова өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.(RK)

XS
SM
MD
LG