Өкмөттөн билдиришкендей, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегацияны Бишкектеги "Манас" аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Бүгүн өзбек премьер-министрин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев кабыл алат. Андан соң Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен чакан чөйрөдө жолугушуу болот. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму да өтүп, эки өлкөнүн алакасы талкууланат.
Мындан тышкары чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөнү жатат.
Эки өлкө ортосундагы чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы такталып бүтө элек. (NT)