Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Канжар Кадыралиевдин иши кайра тергөөгө жиберилди  


Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун 15-августтагы чечими менен Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин иши кайра тергөөгө жиберилди. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, Кадыралиевдин адвокаттары ишти кайра тергөөгө жиберүүнү өтүнүп, сот аны канааттандырган:

- Ал жерде көптөгөн маселелер чечилген эмес. Көп суроолор текшерилген эмес. Мындан тышкары Канжар Кадыралиевдин Жанар Акаев боюнча сотто айткандары да текшерилет, - деди Айткулов.

2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш кодексинин “бейбаштык”, “опузалоо” жана “өзүмбилемдик” беренелери боюнча ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Учурда ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен жүрөт.

Кадыралиевге иш козголушуна куралдуу карактоого кабылды деген өзгөндүк жеке ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон. Анын жакындары кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келатат.

Быйыл 30-марттагы сот жараянында Кадыралиев парламент депутаты Жанар Акаевди пара алды деп айыптаган. Көп өтпөй Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратура бул маалыматтын негизинде Жанар Акаевге кылмыш ишин козгоого тийиш деп айтып чыккан.

Жанар Акаев журналист болуп иштегенде Канжар Кадыралиевге байланыштуу иликтөө жүргүзгөн. Канжар Кадыралиев Акаевди пара алган, сотторго басым жасаган деп айыптаса, депутат муну Кадыралиевдин сот жоопкерчилигинен качуу аракети катары баалаган. (NT)

XS
SM
MD
LG