Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Арипов: чек ара боюнча эки тарапка пайдалуу чечимге келебиз деп үмүттөнөм


Абдулла Арипов менен Сооронбай Жээнбеков.
Абдулла Арипов менен Сооронбай Жээнбеков.

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму өтүп жатат. Анда сөз сүйлөгөн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстан эң жакын коңшу экенин билдирди. Өзбек тарап Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын кошумчалады. Ариповдун айтымында, 2016-жылдын сентябрынан бери эки мамлекеттин кызматташтыгы жакшырды.

- Эки мамлекет президенттери кызмашттыктын жаңы барагын ачты, - деген Абдулла Арипов чек араларды делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдө эки тарапка тең пайдалуу чечимге келебиз деген үмүтүн билдирди.

Ошондой эле кызматташтык тууралуу айтып жатып, "биз көп нерсени өткөрүп жибердик, мунун баарынын ордун тез арада толтурушубуз керек" деп белгиледи.

Өзбекстан премьери Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапар менен бүгүн келген. Алгач ал "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду. Андан кийин Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, экөө чогуу өкмөт аралык комиссиянын жыйынына катышып жатышат.

Сапардын жүрүшүндө бүгүн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны да өтмөкчү. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG