Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Жарандык активист Текебаевди бошотууну талап кылууда


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектин Биричи Май райондук сотунун имаратынын алдында акцияга чыгып, "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылды. Милиция аны сот имаратынын короосунан чыгарып койду.

Токтонасыров көкүрөгүнө жана маңдайына "Текебаевге боштондук, азаттык!" деген жазууларды чаптап алган. Соттун алдында "Текебаевге боштондук" деп кыйкырып турду.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда. Бүгүн адвокаттардын жарыш сөзү аяктады. Сотто Чотоновго акыркы сөз берилди. Ал кыска сүйлөп, сотко кайрылып бул чечим менен тарыхта каларын айтты, акыйкат чечим чыгарууга чакырды.

Ушу тапта жараян уланып, Өмүрбек Текебаевге соттогу акыркы сөз берилди. Андан кийин өкүм угузулары күтүлүп жатат.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (NT/UEz)

XS
SM
MD
LG