Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:04

Түркмөнстандын күч түзүмдөрү 17-августтан 27-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Мындай чара Ашхабадда өтүүчү Азия оюндарынын алдында көрүлүп жатат. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, мелдештерди өткөрүү маалында коопсуздукту камсыздоо маселеси атайын жыйында каралды. Президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон документке ылайык, оюндар аяктаганга чейин күч түзүмдөрү күнү-түнү иштейт, чек аралар жабылат, виза режими чектелет, бажы көзөмөлү күчөтүлөт.

Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында өлкөгө келип жаткан чет өлкөлүк конокторду каттоого алуу ишин көзөмөлгө алуу талабы коюлган.

Түркмөнстан Азия оюндарын өткөрүү укугун алган 2010-жылдын аягынан бери баш калаанын бийликтери “шаарды көрктөндүрүү” алкагында миңдеген турак жайларды сүрдүртүшкөн, үйлөрдөгү спутник антенналарын, кондиционерлерди алдыртышкан.

XS
SM
MD
LG