Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 11:43

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда. Бүгүн адвокаттардын жарыш сөзү аяктап, айыпталуучуларга акыркы сөз берилди.

Ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулу өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетти.

Ал тапта соттун имаратынын алдында айыпталуучулардын 50 чакты тарапкери чогулуп турушат. Алардын арасында "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү, парламент депутаттары, айыпталуучулардын жакындары, жарандык активисттер да бар. Алар Текебаев менен Чотонов акталышы керек деп жатышат.

Укук коргоо органдары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козгогон. Маевский "Мегаком" деген аталыш менен белгилүү "Альфа-Телеком" компаниясынын башкармалыгына кирүү үчүн депутатка 1 миллион доллар бергенин билдирген айтып келет.

Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар айтылган дооматтарды четке кагып, бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (NT/UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG