Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:28

Обаманын твити тарыхтагы эң популярдуу болуп калды


Барак Обама.
Барак Обама.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын Шарлоттсвиллдеги окуя боюнча комментарийи Твиттердин тарыхындагы эң популярдуу твит болуп калды. Анда Обама Нельсон Манделанын «Эч ким башка адамды терисинин түсү, теги же динине карап жек көрүү менен төрөлбөйт» деген цитатасын жазган. Сүрөт менен коштолгон твит 12-августтан бери үч миллиондой лайк алды. Бул маалыматты Твиттердин администрациясы бышыктады.

Буга чейинки чемпион ырчы Ариана Гранденин Манчестердеги концертинде курман болгондорго көңүл айткан твити болгон.

12-августта Виржиниядагы Шарлоттсвилл шаарчасында ак расанын үстөмдүгүн жактагандар, неонацисттер менен ку клукс кландын мүчөлөрү жүрүшкө чыгышкан. Солчул активисттер аларга тоскоол кылууга аракеттенгенде ортодо кагылышуу тутанган. Жеңил машина чогулгандарды сүзүп бир аял каза тапты. Андан тышкары полициячылардын тик учагы кулаганда эки киши набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG