Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлду


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1170 чакырым такталган чек араны бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду.

Бүгүн Бишкекте өткөн мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны ушундай жыйынтыкталды.

Бул документке жакында президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапарынын алкагында кол коюлары белгилүү болду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, бүгүнкү чечим саясий мүнөзгө ээ, эми техникалык жактары каралат.

Аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөр жети жылга созулган.

Бүгүн Бишкекте кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны да өттү.

Жыйындарга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган расмий делегация катышты. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG