Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

Текебаев: Баары жакшы болот!


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн соттун өкүмүнөн кийин өзүнүн тарапкерлерине кайрылып, судья далилге негизделбеген өкүм чыгарганын, сот реформасы натыйжа бербегенин айтты:

- Көрдүңөр, начар негизделген мыйзамсыз чечим. Эч кандай далил жок. Бул Атамбаевдин бийлигине берилген баа. Баары жакшы болот!

Бугүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмү угузулду.

Судья Айбек Эрнис уулу өкүмдү кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кеткенден дээрлик 5 сааттан ашуун убакыттан кийин окуду.

Текебаевге да, Чотоновго да 8 жылдан чегерилди. Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген да өтүнүчү канааттандырылды.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келет.

Кыргызстандык оппозиция өкүлдөрү да Текебаевди толук актоону талап кылып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG