Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:50

Белгилүү киноактриса Вера Глаголева каза тапты


Вера Глаголева акыркы тасмасынын премьерасында. Москва, 2015-жыл.

Орусиянын Эл артисти Вера Глаголева 62 жаш курагында оорудан каза тапканы кабарланды. Мурдагы СССР аймагында белгилүү киноактриса, режиссер 1956-жылы 31-январда Москвада төрөлгөн.

Глаголева "Капитанга турмушка чыгуу", "Асмандан түшкөндөр", "Байкуш Настя" сыяктуу кырктан ашуун кинофильмде башкы ролдорду аткарган. Кийинки жылдары режиссердук өнөрдү аркалап, алты тасманы экранга чыгарды. Тургеневдин чыгармасы боюнча тартылган "Эки аял" аттуу акыркы тасмасынын премьерасы 2015-жылы болуп, анда белгилүү британ актеру Райф Файнс аткарган.

XS
SM
MD
LG