Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:43

Түркия менен Иран Иракта күрт көз карандысыздыгы боюнча референдумга каршы болууда


Түркия менен Иран сентябрь айында коңшу Иракта өткөнү жаткан күрт көз карандысыздыгы боюнча референдумга карата чечкиндүү каршылыгын билдиришти.

Иран армиясынын штаб башчысы шаршемби күнү Анкарага барганын жалпыга маалымдоо каражаттары Ирандагы 1979-жылдагы Ислам революциясынан берки мындай деңгээлдеги алгачкы сапар экенин белгилеп жатышат.

Генерал Мохаммад Хоссейн Багери аймактагы соңку окуялар жана коопсуздук маселелери мындай сапардын зарылчылыгын жаратканын айтты.

Анын Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусунда Иракта күрт көз карандысыздыгы боюнча референдум өтсө бул жалпы аймакта чыңалууну пайда кылышы ыктымал экени белгиленди. Күрт азчылыкатары Иран, Ирак, Сирия жана Түркиянын чектеш аймактарында отурукташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG