Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 06:02

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылмай болуп жатышат.

Кечээ кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья Айбек Эрнис уулу Текебаевге да, Чотоновго да 8 жылдан чегерилген өкүмүн угузду.

Юристтердин айтымында, экөөнүн тең жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бирге кыскарат. Тергөө абагында алдын ала өтөгөн жаза мөөнөтү эки күндөн эсептелет. Ошентип алардын кыскарган жаза мөөнөтү 4,5 жылды түзөт.

Өмүрбек Текебаев сот чечими мыйзамсыз экенин айтып, судья Айбек Эрнис уулу бийликтин саясий буйругун аткарды деп билдирди.

Орус жаранынан 1 миллион пара алды деген негизде кылмыш ишти быйыл февраль айында Башкы прокуратура козгогон. Тергөөнү УКМК жүргүзгөн. Башкы прокуратура бул иште саясат жок экенин айткан. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG