Испаниялык турист тоодон кулап, денесинен жараат алып Ош облустук ооруканасына түштү.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 57 жаштагы чет элдик жаран 16-августта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы тоодо кырсыкка кабылган. Анын тоо туризми менен алектенери белгилүү болду. Азыр аталган бейтапкананын травматология бөлүмүндө дарыланып жатат.