Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Шайлоо-2017: Мамлекеттик тил сынагынан 41 талапкер өттү


Мамлекеттик тил комиссиясы кабарлагандай, 16-августта тизме боюнча алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Марат Мергенов жана Темирбек Асанбеков тест тапшырып, ийгиликтүү өттү деп табылды. Ал эми Бакыт Керимбеков сынакка келген жок.

Ушул кезге чейин президенттик кызматка талапкер болуп катталуу үчүн мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө 46 киши катышты. Анын кырк бирине эне тилди В2 деңгээлинде билет деген сертификат берилди. Бешөө керектүү упай топтой албады, аларга сынактын жыйынтыгы тууралуу маалым кат гана берилди.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди өздөштүргөн деңгээли боюнча тестирлөөдөн алган упайлары:

1. Нышанов Назарбек Айтбекович74,15
2. Сариев Темир Аргембаевич81,8
3. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич60,2
4. Карасартова Рита Рахмановна86
5. Дегенбаев Бакыт Кудусович89,5
6. Шаршекеева Камила Дүйшебаевна80,9
7. Бакир уулу Турсунбай88,6
8. Торобаев Бакыт Эргешович71,8
9. Масадыков Таалатбек Шамудинович79,8
10. Бабанов Омурбек Токтогулович93,5
11. Муратбекова Замира Абдыкеримовна79,5
12. Энназаров Санжарбек Арзыкулович70,25
13. Абдрахманов Сагынбек Уметалиевич74
14. Чолпонбаев Мукар Шалтакович84
15. Чороев Кубан Аманбекович80,3
16. Турсунбек Акун94,75
17. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич91,9
18. Жумабеков Максатбек Кадырбекович81,6
19. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич96,7
20. Джунусов Руслан Эшимбекович46,1
21. Жээнбеков Сооронбай Шарипович94,6
22. Бекназаров Азимбек Анаркулович86,4
23. Таласбаева Токтобүбү Тентиевна79,77
24. Токтосунова Дамира Маданбековна73,65
25. Каримов Алмаз Ташполотович77,6
26. Үмөталиева Токтайым Джумаковна76,7
27. Келдибеков Ахматбек Келдибекович85,9
28. Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич83,25
29. Масалиев Исхак Абсаматович82,25
30. Мактымбаев Калмамат24,6
31. Малиев Арсланбек Касымакунович64,27
32. Шайымбетов Казыбек Орозакунович79,37
33. Зарлыков Эрнис Зарлыкович60,16
34. Акимов Турат Кудайбергенович85,13
35. Исаев Канатбек Кедейканович82,15
36. Омуралиев Темиркул Алымбаевич61
37. Кожогулов Талгатбек Ашыркулович72,18
38. Кенжекулов Полотбек Пирмаматович58,87
39. Мансуров Акылбек Зулпукарович77,34
40. Иманкулов Марат Муканович86,15
41. Болтуруков Омурбек Аяпбергенович87,21
42. Абышев Аскарбек Мусаевич54,46
43. Абыкулов Советбек Султанбаевич43,53
44. Мергенов Марат Эркинович61,12
45. Асанбеков Темирбек Ишенбаевич82,53
46. Султанидинов Сайнидин Султанидинович60,53

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.

Кыргыз тилинен сынак тапшыруу президенттикке талапкерлерге коюлган негизги шарттардын бири. Алар 100 баллдык тесттен кеминде 60 упай алуусу шарт. Сынактан кулагандар шайлоого катыша албайт. Тестирлөө 26-июлда башталган.

Президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо “Кыргызтест” системасы аркылуу биринчи ирет жүргүзүлүүдө.

Президенттикке талапкер катары арыз жазган оппозициячыл саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери, убактылуу абактагы Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагынан өтүү үчүн шарт түзүп берүү өтүнүчүн Кыргызстандын БШКсы канааттандырган эмес.

16-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго сот өкүмү угузулуп, экөөнө тең 8 жылдан абактык мөөнөт чегерилди. Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген да өтүнүчү канааттандырылды. Айыпталып жаткандар бул сот жүрүмүн саясий куугунтук катары баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG