Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Ооганстанда АКШ аскери мерт болду


Кабулдагы америкалык аскерлер
Кабулдагы америкалык аскерлер

Ооганстандын чыгышында "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлерине каршы операция маалында АКШнын бир аскери мерт болду. Армия өкүлдөрү 17-августта кабарлагандай, дагы бир нече америкалык жана ооган жоокерлери жараат алышты.

Натыйжада быйыл жыл башынан бери ооган жергесинде көз жумган америкалык аскерлердин саны 10го жетти. Былтыр бир жылда АКШнын 11 жоокери куралдуу кагылышууда набыт кеткен.

Август айынын башында талип жанкечтиси армия кербенинин жанында өзүн жардырып жиберип, андан эки америкалык жоокер каза тапкан.

Учурда АКШ бийлиги согушкерлер менен күрөшүп жаткан ооган өкмөтүнө жардам берүү үчүн Ооганстанга кошумча күч жөнөтүү маселесин карап жатат.

XS
SM
MD
LG