Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:42

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Батыш Тянь-Шань тоолорундагы жапайы жаныбарларды сактоо максатында акция өтүүдө.

Бул тууралуу облустук Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгынын башчысы Бакыт Эрмеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, акция жүрүшүндө тоолордогу биологиялык көп түрдүүлүктү сактап калуу жана көбөйтүүгө кызыкдар болгон тараптар менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Мыйзамсыз аң уулоо, браконьердик фактылардын алдын алуу, фото жана видео тасмаларга тартуу иштери жүргүзүлөт. Жапайы жаныбарлардын эсеби такталат. Ошондой эле малчылар менен жолугушуулар өтөт. Мындан тышкары маралдарды Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына кайтаруунун биринчи этабын ишке ашыруу башталат. Иш-чара 17-18-августка белгиленген. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG