Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:16

Шайлоо-2017: БШКнын Whatsapp номуру иштей баштады


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан кайрылууларды интернеттеги Whatsapp тейлөө кызматы аркылуу да кабыл ала баштады.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, 16-августтан тарта +996 770 660 240 номурлуу Whatsapp ​кызматы ишке киришти.

Ал аркылуу БШК кызматкерлери жарандардын ар кандай суроолоруна жооп беришет, арыздарды кабыл алат.

Кыргызстандын БШКсынын интернет дареги: http://shailoo.gov.kg/     

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы 15-октябрда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Бул шайлоо өлкөнүн Башмыйзамы 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум аркылуу соңку ирет жаңыртылгандан кийин алгачкы жолу өткөрүлүүдө.  (NT)

 

XS
SM
MD
LG