Интернеттеги Уoutube каналына саясатчы Азимбек Бекназаровдун айткандары тартылды деген дагы бир видео тарады. Ушул эле тасма Comment.kg порталы журналисттер Александр Никсдорф жана Раушан Айткулованын комментарийи менен жарыяланды. Анда саясатчы менен эки журналисттин "Мегаком" компаниясына байланышкан талаш, Текебаев-Чотонов соту тууралуу көрөрмандар үчүн уюштурган видеоинтервьюсуна эмес, маек бүттү дегенден кийинки видеого тартылып калган бөлүгүнө маани берилген. Видеотасманын бетинде "Архив 09.08.17" деген жазуу бар. Видеодо көрсөтүлгөнгө караганда саясатчы мындай пикири менен бөлүшүп жатат:
- Бабановду Текебаев ошол "Мегаком" боюнча иштен алдырган, билесиң да. Мен ошондо эле китеп жазгам экөөнүн талашы "Мегаком" деп. Мен Икрамга айткам: ишти "не то" козгоп атат, менин байланышым жок, сенин байланышың болсо айтсаң, ишти минтип козгош керек. Текебаев, Салянова - ушулардын баарын байлаш керек. Атайын жети жыл каратпай койгон деп ушуга байлаш керек дегем. Мына ошондо "мыңк" эте албайт. Ушуну менен келип туруп атайын конфискация кылдырганын. Ушул коррупция. Сотто жыгылып аткан кишиге, мына бу балдар да билет, "Кудай өзүң кечир" деп калпты айтып чыктым деп дароо айттым. Менден болгонун сурады. 13үндө Маевский келгенин. Мен көргөн жокмун дедим. Андан кийин айттым, Текебаев 49 пайыз алган эмес, мен алгам, булардын кандай тиешеси бар деп. Булар ишти туура эмес козгоду да. Козгоп туруп Салянованы байлаш керек болчу. Маевскийден алган акча бул шылуундук, - деп айтылган.
Азимбек Бекназаров бул видео боюнча комментарий бере элек.
Өткөн аптада да интернетте Текебаев-Чотоновдун соту боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров менен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдики делген аудиотасма тараган. Анда эки саясатчы чай үстүндө сотто берген көрсөтмөсү тууралуу сүйлөшкөн деп боолголонот. Бекназаровдукуна окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын Кудай өзүң кечир деп жаттым” деп сүйлөгөн. Ал эми Ташиевдики делген үн сотто көрсөтмө берер алдында Текебаевден кат алганын айткан. Бул боюнча "Азаттыкка" комментарий берген Бекназаров сотто берген көрсөтмөлөрү тууралуу сыртка чыкканда сүйлөшпөй турганын жана аудиотасмада айтылгандар жалган экенин билдирген. Ташиев анын монтаждалганын айткан.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 19-июлда Текебаев-Чотонов сотунда көрсөтмө берген. Ал 2010-жылы 13-майда бир нече жыйын өткөнүн, анда өлкө түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2 млн сом бөлүү боюнча талкуу болгонун айткан. Ошондой эле “Чотонов менен Шыкмаматовду менин сунушум менен Атамбаев дайындаган. “Мегаком” Убактылуу өкмөттүн декрети менен Атамбаевге өткөрүлүп берилген” деп маалымдаган. Камчыбек Ташиев да сотто көрсөтмө берип, 2010-жылы 21-декабрь күнү Текебаевдин туулган күнү болгонун, бирок аны куттуктайм деп кайра-кайра барып, парламенттеги иш бөлмөсүнөн таппаганын билдирген.
16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Текебаев менен Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кескен. Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген өтүнүчү да канааттандырылды. Айыпталуучулардын адвокаттары Биринчи Май райондук сотунун чечими менен макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотко кайрылышарын маалымдаган. (NT)