Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Косоводо иликтөөчү журналист сабалды


Парим Оллури
Парим Оллури

Косоволук иликтөөчү журналист Парим Оллури баш калаа Приштинада сабалганын билдирип чыкты. "Инсайдер" интернет басылмасынын редактору 16-августта өз үйүнүн жанында үч кишинин ур-токмогуна кабылганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айтты.

Ал муну өзүнүн жогорку кызматтагылардын коррупциялык иштерин ачыкка чыгарганы менен байланыштырды. Бул окуя боюнча полиция азырынча маалымат бере элек.

Жеңил жаракат алган Парим Оллури соңку айларда өкмөт өкүлдөрү, саясатчылар жана 1998-99-жылдары Сербиянын бийлигине каршы күрөшкөн Косовонун боштондук армиясынын мурдагы өкүлдөрү аралашкан коррупциялык иштер тууралуу иликтөө жасаган.

XS
SM
MD
LG