Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

БШК Текебаев топтогон 30 миңден ашуун кол тамганы жараксыз деп тапты


Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаев топтогон кол тамгалар жараксыз деген чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, БШК жыйынына тогуз мүчөсү катышып, жетөө макул деп добуш берди. Мындай чечимдин кабыл алынышына топтолгон 30 миңден ашуун кол тамганы чогултууда шайлоо мыйзамдары сакталбаганы себеп болгон.

- 30 миң кол тамга бар, бирок кол коюлган кагаздар шайлоо фондунан каржыланган эмес деген себеп болду. Мыйзамда бул тууралуу эч нерсе жазылган эмес, бирок колдонмодо ошондой норма бар экен, - деди Журабаева.

Президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн кыргыз тилинен тест тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, аныктыгын далилдеп, 1 миллион сом күрөө коюу керек.

Бүгүн Текебаев УКМКнын тергөө абагында мамлекеттик тилден тест тапшырып, 93,75 упай алды. (RK)

XS
SM
MD
LG