Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, пакистандык активист Малала Юсуфзай Англиянын Оксфорд университетине окууга өттү. Ал мындай жаңылыгын 17-августта - Британиядагы мектеп бүтүрүүчүлөрү акыркы экзамендин жыйынтыктарын алган күнү Твиттердеги барагында бөлүштү.
20 жаштагы активист Оксфорддо философия, саясат жана экономика тармактары боюнча билим алмакчы. Кезинде Пакистандын алгачкы аял премьер-министри маркум Беназир Бхутто да Оксфорддо окуган.
Малала кыздардын билим алуу укугун коргогону үчүн 2012-жылы октябрда пакистандык талиптердин кол салуусуна кабылган. Башына ок жеген активист кызды британ доктурлары өлүмдөн сактап калган. Андан бери Малала Юсуфзай Британиянын Бирмингем шаарында жашайт.
Ал 2014-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгын алган.