Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Барселонадагы чабуул кеминде 13 адамдын өмүрүн алды


Барселонанын окуя болгон аймагы
Барселонанын окуя болгон аймагы

Испаниянын Барселона шаарындагы автоунаа чабуулунан кеминде 13 адам мерт болуп, 50гө чукул киши жаракат алганын жергиликтүү расмийлер билдиришти. Полиция бул окуяны террорчул акт деп мүнөздөп жатат.

Окуя бейшембиде Барселонанын борбордук бөлүгүндөгү туристтер көп топтолгон Рамбла көчөсүндө болгон. Катуу ылдамдыктагы фургон жол четиндеги жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кеткен.

Бир адам кармалганы кабарланды. Бирок ал автоунаанын айдоочусу экени тактала элек. Аймакты коопсуздук күчтөрү курчап турат.

Немис канцлери Ангела Меркел, АКШ президенти Дональд Трамп, британ премьер-министри Тереза Мэй баштаган дүйнөлүк лидерлер бул чабуулду кескин айыптаган билдирүүлөрдү таратышты.

XS
SM
MD
LG