Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Zanoza.kg боюнча соттук териштирүү уланат


Бүгүн Бишкектин шаардык сотунда Zanoza.kg сайтына байланыштуу кезектеги доо арыз каралат. Кечээ ушул эле сот эки арызды карап, канааттандыруудан баш тартты.

Быйыл жазында Башкы прокуратура аталган интернет-басылмага чыккан макалалардын бири «президенттин ар-намысына шек келтирди" деп сотко кайрылып, июнь айында Октябрь райсоту сайттын ээлерин 3 миллион сомго, автор Нарын Айыпты 3 миллион сомго жыккан.

Ушундай эле негиз менен Башкы прокуратура укук коргоочу Чолпон Жакупова, Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айып жана сайт боюнча өзүнчө арыз жазып, ал да сотто колдоо тапкан жана ар бири 3 миллион сомдон, жалпысынан 12 миллион төлөсүн деген чечим чыккан.

Буга макул болбогон айыпталуучу тарап шаардык сотко кайрылган.

Президенттин ар-намысына шек келтирди деген себеп менен Башкы прокуратура мындан тышкары дагы эки арыз жазган.

1-августтан тарта Zanoza.kg маалыматтык мультимедиа порталы kaktus.media деген аталыштагы маалыматтык-маанайшат сайты болуп чыга баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG