Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Чуулгандуу видеодогу бала апасында калды


Сүрөт интернеттен алынды
Сүрөт интернеттен алынды

Кара-Кулжада чырылдатып машинага салып кетишкен бала учурда апасынын колунда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Социалдык коргоо министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жаңыл Жумабаева билдирди:

- Биздин кызматкерлер аны менен жолугуп келишти. Эмне үчүн ошентип ыйладың деген суроого ал чоң апам “эгер кетип калсаң өлөм” деп айтканынан коркуп кеткем деп жооп берди. Апам менен жашайм деди.

Бир нече адам баланы улгайган аялдын колунан тартып алып, ыйлаткан бойдон сүйрөп машинага салып кеткен видео бир нече күндөн бери интернетте кызуу талкууланып жатат.

“Азаттык” радиосунун Ош облусундагы кабарчысынын маалыматына караганда, окуя Кеңеш айылында болгон. Видеодогу бала 10 жашта. Ата-энеси 2005-жылы үйлөнүп, үч балалуу болгондо атасы жол кырсыгынан каза болгон.

Кийин соттук териштирүү жүрүп, акыры Жогорку Сот пенсиядагы чоң энесинин колунда дагы ондой өспүрүм бар экенине негиздеп, баланы апасына берүү чечимин чыгарган.

Чуулгандуу видео 14-августта келин кайын энесинен баланы алып кетүү үчүн барганда тартылып алынган. Бирок эртеси күнү 15-августта ал апасына тынч өткөрүлүп берилген. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG