Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Төлөнов: Коалициянын жыйыны тууралуу маалымат жок


Данияр Төлөнов.
Данияр Төлөнов.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Кыргызстан" фракциясынан депутат Данияр Төлөнов "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште андай маалымат жок. Кеңешмелер жүрүп жатат. Себеби, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыра элек. Ошондуктан бул маселе боюнча бир нерсе деп айта албайм. Азыр премьер-министр өз ордунда иштеп атат. Качан гана ал отставкага кетип, кабыл алынса, президенттен бизге сунуш түшкөндөн кийин маселени кароого өтөбүз. Премьер милдетин тапшырып, үгүт иштерине байланыштуу отставкага кетсе, президенттен жаңы премьердин талапкерлиги боюнча сунуш келет. Ошондо гана коалициянын лидерлери чогулуп, кеңешип, чечим чыгат. Андан кийин спикердин үч күн ичинде кезексиз сессия чакырганга укугу бар, - деди Төлөнов.

Буга чейин интернетте премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшыргандан кийин, 21-августта парламенттеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакырууну максат кылып жатканы, анын ордуна президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун талапкерлиги көрсөтүлөрү жөнүндө маалымат тараган.

Өткөн айда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны 21-августта өтүшү мүмкүн, анда кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамын жана премьер-министрди бекитүү маселеси каралышы ыктымал деп билдирген.

Президенттик кызматка Жээнбековдун талапкерлиги 15-июлда КСДПнын курултайында сунушталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, эми ал ээлеп турган кызматын тапшырып берүүгө тийиш. (NT/UEz)

XS
SM
MD
LG