Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Момбеков: премьер-министр 21-августта отставкага кетет


Бул тууралуу парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 21-августта өкмөттүн жыйыны өтүп, анда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетери расмий жарыяланышы күтүлүп жатат:

- Мендеги маалыматтар менен бөлүшө турган болсом, 21-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болбойт. Өкмөттүн кезексиз чоң жыйыны болот. Ал жыйында азыркы премьер-министр, президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткени боюнча билдирүү жарыяланат. Ал кишинин отставкага бергени - кызматтан кеткени. Демек, ошол күнү президент Алмазбек Шаршенович өкмөттүн отставкасын кабыл алып, көпчүлүк коалицияга жаңы өкмөттүн курамын жана түзүмүн мандат тапшырышы кажет. Коалиция бир чечимге келгенден кийин аны комитетке киргизет. Комитеттин чечими менен Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу чечими кабыл алынып, ал 25-августта болушу мүмкүн. Парламент спикери үч күндүк мөөнөт ичинде кезексиз сессиясын чакырат. Ага көпчүлүк коалиция сунуш берет, - деди Момбеков.

Президенттик кызматка Жээнбековдун талапкерлиги 15-июлда КСДПнын курултайында сунушталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, эми ал ээлеп турган кызматын тапшырып берүүгө тийиш.

Буга чейин интернетте премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшыргандан кийин, 21-августта парламенттеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакырууну максат кылып жатканы, анын ордуна президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун талапкерлиги көрсөтүлөрү жөнүндө маалымат тараган.(NT)​

XS
SM
MD
LG