Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Алматыда журналист Жанбулат Мамайдын соту уланууда


Журналист Жанбулат Мамай сотто. Алматы, 14-август, 2017-жыл.
Журналист Жанбулат Мамай сотто. Алматы, 14-август, 2017-жыл.

Казак бийлигинин сынчысы катары таанымал Жанбулат Мамай арам акчаны адалдаган деп айыпталып жатат. Мамайдын жактоочулары калемгерге тагылган айыпты ойдон чыгарылган, жасалма деп санашат.

Жанбулат Мамай - “Саясий калем. Трибуна” гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу.

Казак тергөөчүлөрүнүн ырастоосунда, ал азыр Европада жашаган олигарх Мухтар Аблязов уурдап кеткен акчанын адалдануусуна катышы бар.

Мамай өзү ага тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишинин саясий жүйөсү бардыгын айтып келүүдө.

Президент Нурсултан Назарбаев өзүнүн негизги саясий душманы катары санаган Мухтар Аблязовду БТА банкты башкарып турган кезинде беш миллиард долларды уурдаган деп күнөөлөнгөн.

Аблязов да ага коюлган айыптарды четке кагып, саясий жүйө менен куугунтукталып жатканын билдирип келет.

Казак бийликтеринин Аблязовду экстрадициялоо аракеттери оңунан чыкпай, Франция үч жылдан кийин былтыр декабрда аны абактан бошоткон. Казакстанда болсо Аблязов сыртынан 20 жылга кесилген. (UE)

XS
SM
MD
LG