Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

Кыргызстанда 372 балага ВИЧ илдети ооруканадан жуккан


Республикалык СПИД борбору ВИЧтин алдын алуу боюнча акыркы жети жылда жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгын жарыялады.

Анда маалым болгондой, Кыргызстанда 2017-жылдын июль айына карата ВИЧ илдети менен өлкө аймагында жети жарым миңдей адам каттоого алынган. Анын 7103ү кыргыз жараны. Бейрасмий эсепте бул сан сегиз жарым миңден ашары айтылды. Оорулуулардын дээрлик жарымын аялдар түзөт. Ал эми дарт жуккан балдардын саны 597. Алардын 372си ооруканада дарыгерлердин адашуусу менен ийне аркылуу жуктуруп алган. Мындан тышкары кыргызстандык кумсалар арасында СПИДдин ВИЧ илдети менен жабыркагандар жети пайызды түзөрүн көрсөткөн. Ушул күнгө чейин ВИЧ жуккандар арасынан 1640 киши каза тапкан.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка эл аралык донорлор 2018-жылдан тарта ВИЧтин алдын алуу боюнча Кыргызстанды каржылоо токтотуларын эскерткен. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2020-жылга чейин улантууга макул болушканын СПИД борборунан билдиришти. Алдын алуу жана дарылоого жылына 3,7 миллион доллардан берилмекчи. Мындан он жылдай мурун жылына 9 миллион долларга чейин бөлүнгөн. Маалыматка караганда, 2021-жылдан тарта кыргыз өкмөтү ооруга каршы өзү күрөшүүгө тийиш.

БУУ билдиргендей, 2016-жылы дүйнө жүзү боюнча СПИД илдетинен өлгөндөр саны бир миллион адамга жеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG