Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Грузия Саакашвилини экстрадициялоону Украинадан кайрадан суранды


Михаил Саакашвили Варшавада украин жарандары менен жолуккан учур. 6-август, 2017-жыл.
Михаил Саакашвили Варшавада украин жарандары менен жолуккан учур. 6-август, 2017-жыл.

Грузин Башкы прокуратурасынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар украин бийликтери менен мурдагы президентти экстрадициялоо үстүндө иштөөдө.

Бул билдирүүдөн эки мурда азыр Польшада жүргөн Михаил Саакашвили 10-сентябрда Львов облусундагы чек ара аркылуу Украинага кайтып барарын айткан эле.

Кыска убакыт Одесса облусунун губернатору кызматын аркалаган Саакашвилини украин президенти Петро Порошенко 26-июлда украин жарандыгынан ажыратты. Мурдагы грузин президенти Киевдеги бийликтердин мындай чечимин аны “Украинанын саясий сахнасынан мыйзамсыз чыгаруу” аракети катары баалаган.

Одесса облусунун губернатору кезинде расмий Киев Грузиянын Саакашвилинин экстрадициялоо жөнүндөгү өтүнүчүн кеминде эки ирет четке каккан. Ал грузин жарандыгынан 2015-жылы украин жарандыгын алгандан кийин ажыратылган.

Грузиянын учурдагы бийликтеринин ага каршы таккан айыптарын Саакашвили саясий жүйөсү бар деп санайт. (UE)

XS
SM
MD
LG